Англис тилинде “Wish” колдонуу
Англис тилинде тилек, каалоо билдирүү үчүн “wish” колдонулат.
Мисалдар:
- “I wish for a peaceful world.” (Тынч дүйнө каалайм. “Жалпы убакыт”)
- “She wishes to travel to Japan.” (Ал Жапонияга саякаттоону каалайт. “Келечекте”)
- “I wish you all the best on your birthday.” (Туулган күнүңдө баардык жакшылыктарды каалайм.)
- “We wish you a Merry Christmas.” (Сизге Жаңы Жылдык куттуктоолорду каалайбыз.)
- “I wish I were you.” (Кашкайда сенин ордуңда болсом)
- “I wish I wasn’t working tonight.” (Кашкайда бүгүн кечинде иштебей койсом. Бул сөз айтылган күндүн кечине эмес, келечектеги кечке тиешелүү, мисалы, эгерде биз бул сөздү күндүз айтсак, анда ошол күндүн кечинде иштебей калууну каалайбыз, ал кеч али келээр эмес, пайдалануу өткөн заманда болсо да, маани азыркы заманда.)
Азыркы Заман
Колдонуу өткөн заманда (past tense), бирок маани азыркы заманда!
- “I wish I lived in Spain.” (Кашкайда Испанияда жашасам. “Азыркы заман” Испанияда жашап жатам деген мааниде.)
Туура эмес колдонуу: “I wish I live in Spain”
- “I wish I had a car.” (Кашкайда унаам болсо, кашкайда унаам болгон.)
Колдонуу өткөн заманда, бирок маани азыркыда. Демек, мен азыр унаам болгонун каалайм. Бул жердеги had (өткөн заманда болгон had.)
Өткөн Заман
Past perfect tense (had + V3) менен колдонулат.
- “I wish I had lived in Spain.” (Кашкайда Испанияда жашаганымда.)
Азыр кайда экеним маанилүү эмес, мурун кашкайда Испанияда 1-2 жыл жашаган болсом, тажрыйба алган болсом деген ой, эми бул кырдаал өттү, жашаган жокмун.
- “I wish I had had a car.” (Кашкайда унаам болгон болсо, өткөндө бир учурда.)
Бул жердеги биринчи had, past perfect tense’тин “had"ы, экинчи “had” ээ болуунун 3-чү формасы.
- “I wish I hadn’t said that.” (Ошондой деп айтпаганымды каалайм. – Бирок айттым.)
- “He wishes he had studied harder.” (Ал көбүрөөк окуганын каалайт. – Бирок окуган эмес.)
- “I wish you had told me you were going to the cinema last night, I would have gone with you.” (Кашкайда кечээ түнү киного баратканыңды айтсаң болмок, мен сени менен бармакмын, демек, “бирге бармакпыз”.)